Бишкекте айыл чарба азыктарынын жарманкесинде колдонулуп жаткан таразалардын 85 пайызы туура эмес иштээри аныкталды

Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл инспекциясы борбор шаарда 11-12-октябрь күндөрү рейд жүргүздү. Рейдде мэрия уюштурган айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкесинде өндүрүшчүлөр колдонуп жаткан салмак өлчөө техникаларына мониторинг жүргүзүлдү. Аталган министрлик билдиргендей, мониторинг андагы таразалардын 85 пайызы текшерүүдөн өтпөгөнүн, туура эмес иштээрин аныктады. Жарманкени уюштуруучуларга жана сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамдын талаптарын туура сактоо сунушу айтылды. Текшерүүлөр Ибраимов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Жал жана Асанбай кичи райондорундагы жарманкелерде жүрдү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан