2015-жылдын 1-январынан тартып тамекиге болгон акциздик салык жогорулатылат. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 14-октябрда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында талкууланды. Демилгечи депутаттардын бири Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоорунун негизги максаты - тамеки чегүүнү кыскартуу. Тамак-ашты кымбаттатуудан көрө сырттан кирип жаткан тамекиге бааны жогорулатып коюу керектигин айтат депутат. “Чыпкалуу тамекилердин баасы жылдан-жылга көбөйүп турат. Чыпкасыздарынын баасын көтөрүүнүн кереги жок. Салык жогорулатылгандан кийин эң эле арзан тамеки 25 сомдон болот”,- деди Бекешев.
Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.