Илим Карыпбеков: "Көзү ачыкмын" дегендер мамлекеттик телеканалдын эсебинен өздөрүн жарнама кылбашы керек"

"Көзү ачыкмын" дегендер КТРКнын эсебинен өздөрүн бекер жарнама кылбашы керек". Мындай пикирди парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 14-октябрдагы жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Илим Карыпбеков билдирди. Карыпбеков аталган телеканалдагы көзү ачыктар тууралуу көрсөтүү эмне үчүн жабылганын атады. "Диний багыт боюнча көпчүлүгү каршы чыгышты. Көрсөтүүнүн айрым катышуучулары коммерциялык иштер менен алектенери, КТРКдагы көрсөтүү аркылуу өздөрүн жарнамалаганы аныкталды",- деп билдирди Байкоочу кеңештин төрагасы.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан