Депутаттар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга бала багып алуу укугун берүүнү сунушташты

Бүгүн, 14-октябрда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Мирлан Бакиров тарабынан демилгеленген, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген II жана III топтогу жарандарга бала багып алууга уруксат берүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды. Ага ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын баары тобуна карабастан, соттун чечимисиз эле бала багып алуу укугуна ээ болот. Жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Калиев СПИД, кургак учук, анкологиялык оорулар, нерв системиндеги өнөкөт оорулар, алкоголизм, наркомания жана жөндөмсүздүккө алып келе турган оорулар менен ооругандарга бала багууга уруксат берилбей турганын айтты, бул боюнча өкмөттүн токтому бар экенин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан