2002-жылдагы Аксы, 2005-жылдагы Март жана 2010-жылдагы Апрель окуяларына илимий негизде баа берилиши зарыл. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата КРнын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушууда айтты. Өлкө башчы жыйында мамлекет тарыхый илимдерди изилдөөгө каражат бөлүүгө даяр экенин билдирди. “Кетирилген катачылыктарды келечекте кайталабоо үчүн эл тарыхты билиши керек”,- деди Атамбаев.