Кыргызстанда бир жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу декларацияларын туура эмес толтурган (кирешесин же мүлкүн жашырган, же туура эмес маалымат берген) чиновниктерге өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев эскертүү жана сөгүш берди. Муну өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сөгүш берилген:
Михаил Халитов - өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары
Эскертүү берилгендер:
Кудайберген Базарбаев - Социалдык өнүгүү министри
Эрик Куйкеев - Социалдык өнүгүү министринин орун басары
Болот Мотукеев - өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары
Куанышбек Кенебаев - өкмөткө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары
Кубанычбек Алымкулов - өкмөткө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары
Толкун Бекбулатова - Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун директору
Эркин Исаков - Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору
Нуржан Осмоналиев - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин директору