Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине тийиштүү мыйзам долбоорлору боюнча 27-октябрда парламенттик угуу өтөт

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине тийиштүү мыйзам долбоорлорун талкуулоо үчүн 27-октябрда парламенттик угуу өтөт. Мындай чечим бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында кабыл алынды. Парламенттик угууга депутаттар, өкмөт өкүлдөрү, ишкерлер жана эксперттер катышат. 
Айта кетсек, Жогорку Кеңеш 8-октябрда Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине тийиштүү мыйзам долбоорлорунун топтомун биринчи окууда кабыл алган. Ага 76 депутат "макул", 9 депутат "каршы" деп добуш беришкен. Айрым депутаттар бул тууралуу кенен маалыматы жоктугун, теманы кенен талкуулоо зарыл экенин айтышкан эле.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан