Парламенттеги коалициялык көпчүлүк КРнын Судьяларды тандоо кеңешине талапкерлерди кароону 15-октябрга калтырды. Коалициялык көпчүлүктүн мындай чечим кабыл алышына кворумдун жоктугу себеп болду. Депутаттардын көпчүлүгү бүгүн комитеттерде иш алып барып жаткандыктан, коалициялык көпчүлүктүн жыйынына келишкен жок. Судьяларды тандоо кеңешине төмөнкү талапкерлер сунушталууда:
1. Панайдин Кадыров
2. Жээнбек Мукамбетов
3. Асел Төлөмүшева
4. Сарылбек Борбашев
5. Урматбек Момбеков
6. Таалайгүл Исакунова
7. Шамарал Майчиев
8. Жамыйла Нурумбетова