Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 14-октябрда Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуп, эки өлкөнүн евразиялык интеграциянын алкагында кызматташуусун сүйлөштү. "Азыркы учурда Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Буга байланыштуу Бажы биримдигинин шартына Кыргызстандын экономикасын адаптациялоо үчүн бизге өнөктөштөр тарабынан колдоо керек",- деди Оторбаев. Кыргызстандын өкмөт жетекчиси соода-экономикалык тармакта кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүү, Кыргызстанга Казакстандан инвестиция тартуу маселесине басым жасады.
Айта кетсек, Ж.Оторбаев 13-октябрда Астанага расмий иш сапары менен барды.