Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети энергетика жана өнөр жай министрлигине Кубанычбек Турдубаевдин талапкерлигин жактырды. Комитеттин мындай чечимин эми Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети карайт. Айта кетсек, К.Турдубаев учурда энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу болуп иштөөдө. Министрликти буга чейин башкарган Осмонбек Артыкбаев өткөн аптада кызматтан бошотулган эле.