Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев Астана шаарында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Муну бүгүн, 14-октябрда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестиция жана энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды. Казакстандан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоо маселесине басым жасалганы белгилүү болду. Айта кетсек, Ж.Оторбаев 13-октябрда Астанага расмий иш сапары менен барган.