Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков бүгүн, 14-октябрда Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Институтционалдык өнүгүү борборунун адиси Диана Дигол менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тармактык комитет менен уюмдун кызматташтык мамилелерин бекемдөөгө багытталган бир катар долбоорлор талкууланды. Депутат Баатырбеков Жогорку Кеңеш ЕККУнун Институтционалдык өнүгүү борбору менен кызматташууну жогору баалай турганын айтты.
Тараптар Баткен аймагынын көйгөйлүү маселелери карала турган тармактык комитеттин жакында өтчү көчмө жыйыны тууралуу да пикир алышты.