Кыргызстандын башкы прокурору Аида Салянова менен Борбордук Азия боюнча АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Даниэль Розенблюм 14-октябрда Бишкекте жолугушту. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар Максим Бакиевди кылмыш жообуна тартуу, уурдалган каражаттарды кайтарып берүү маселесин талкуулашты. "Тараптар Кыргызстан менен АКШнын компетенттүү органдарынын укуктук жактан кызматташтыгын, сот реформасы, адам сатууга каршы күрөшүү тууралуу пикир алышты",- деп айтылат маалыматта.