Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 14-октябрда спортчулар, Паралимпиада оюндарынын катышуучулары Карабек уулу Талгат жана Арстанбек Базаркулов менен жолугушту. Аталган спортчулар 16-24-октябрь күндөрү Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүүчү Азия Паралимпиада оюндарына катышат. Буга байланыштуу аталган спортчуларга өкмөттөн акчалай жардам бөлүнгөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Сариева Карабек уулу Талгат менен Арстанбек Базаркуловго бекем ден соолук, алдыдагы жарыштарда ийгиликке жетүүлөрүн каалады. "Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Паралимпиада оюндарына 7 спортчудан жана машыктыруучулардан турган делегация жөнөгөнү жатат. Жардам көрсөтүү боюнча өтүнүчүбүзгө өкмөттүн ыкчам реакция жасаганы өтө жагымдуу болду",- деп билдирерт КРнын Паралимпиада федерациясынын башкы катчысы Саламат Бекбоев.