Бишкекте 14-октябрга карата доллардын курсу орточо көрсөткүч менен 54,90 сомду (сатып алуу) жана 55 сомду (сатуу) түздү. Өткөн айга салыштырмалуу доллардын курсу 85 тыйынга, 5-октябрдан бери сатып алуу 60 тыйынга, сатуу 50 тыйынга көтөрүлдү. 5-октябрда шаар ичинде орточо көрсөткүч 54,30 сомду (сатып алуу) жана 54,50 сомду (сатуу) түзүп жаткан болчу. Ал эми Улуттук банктын маалыматына караганда, 1 доллардын баасы 54,81 сом.