Владимир Путин: "Орусия Украинада жарандардын өлүп жатканын жөн карап тура албайт"

"Орусия Украинада жарандардын ачкадан же дары-дармектин жоктугунан өлүп жатканын кол куушуруп карап тура албайт". Мындай пикирди Орусиянын президенти Владимир Путин билдиргенин орусиялык маалымат булактары 14-октябрда жарыялашты. Украинага Орусиянын гуманитардык жардам жеткириши - учурдун талабы. Орусия лидери Украинадагы азыркы кырдаалдан чыгуунун жолдорун издөө зарыл экенин кошумчалайт. 
Айта кетсек, батыш өлкөлөрүнүн, Украина бийлигинин кескин каршы чыгышына карабай Орусия Украина аймагына бир нече ирет гуманитардык жардам киргизүүгө жетишти.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан