Депутаттар Бишкектеги Жылуулук электр борборуна өз убагында көмүр жеткирип бере албаган чиновниктерди жоопко тартууну талап кылышууда

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги Жылуулук электр борборуна өз убагында көмүр жеткирип бере албаган мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин кароону өкмөттөн талап кылышууда. Энергетика жана өнөр жай, Каржы министрликтери, "Электр станциялары" ишканасынын жооптуу адамдарына чара көрүү тууралуу сөз болууда. Мындай чечим парламенттин Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 14-октябрдагы көчмө жыйынында кабыл алынганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Бишкек ЖЭБинин директору А.Врапаевдин айтымында, азыркы күндө ЖЭБде 68 миң тонна көмүр бар. Анын 19 миң тоннасы сырттан келген көмүр болсо, 49,5 тоннасы жергиликтүү "Кабак" бассейнинин көмүрү. Көмүрдүн мындай өлчөмдөгү кору 12 күнгө гана жетет. Түзүлгөн графикке ылайык, бул мезгилде ЖЭБдин көмүр кампаларында 180 миң тонна көмүр турушу керек эле.

Көчмө жыйындын аягында өкмөттүн кышка даярдыгын "канааттандырарлык эмес" деп табуу, жогоруда аталган органдардын тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо тапшырмасын берүү чечими кабыл алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан