Кыргызстан менен АКШнын коопсуздук, укук коргоо органдарын реформалоо, терроризм жана адам сатууга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгын күчөтүү 14-октябрда Бишкекте талкууланды. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Даниэль Розенблюм жолугушуп, эки тараптуу мамилени мындан ары да улантуу боюнча сүйлөшүштү. Вице-премьер-министр Даниэль Розенблюмду кызматка жаңы дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады. Ал эми АКШнын өкүлү эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө АКШга көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.