"Ооруканадагы операция жасалуучу жана жандандыруучу бөлмөлөр жарыксыз калбашы керек" деди Эльвира Сариева

Өкмөттө бүгүн, 15-октябрда ооруканаларды электр энергиясы менен камсыздоо маселеси талкууланды. Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Энергетика жана өнөр жай министрлигине социалдык мекемелерди жарык менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу тапшырмасын берди. "Биринчи кезекте сөз саламаттыкты сактоо мекемелери, андагы хирургия жана жандандыруу бөлүмдөрү тууралуу болууда. Саламаттыкты сактоо мекемелерин электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыз кылышыбыз керек. Анткени мындан адам өмүрү көз каранды",- деди вице-премьер. 
Саламаттыкты сактоо министрлигине ооруканаларга генератор жабдууларын орнотууну текшерүү, ишине шалаакы мамиле жасаган жана мекемеге генератор орнотпогон жооптуу кызматкерлерге катуу чараларды көрүү тапшырмасы берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан