"Кумтөрдүн" ишин үзгүлтүккө учуратпоого багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралууда

Жогорку Кеңештин 15-октябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев тарабынан сунушталып жаткан “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууга алынды. Долбоорго ылайык, мамлекеттик стратегиялык ишканада (мисалы, "Кумтөр") өндүрүштүн токтоп калышына себепчи болгон жетекчилерди же кызматкерлерди 8 жылдан 12 жылга чейин, ал эми ишкананы атайлап токтотуу менен өлкөгө өзгөчө оор зыян же экологияга орду толгус жоготуу келтирилсе, ага күнөөлүү кызматкерди 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда. 

Текебаев мыйзам долбоору түздөн-түз “Кумтөргө” байланыштуу киргизилип жатканын 1-окууда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирген болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан