Бүгүн, 15-октябрда парламентте “Жогорку Кеңештин кароосуна келип түшкөн мыйзам долбоорлорун кароону убактылуу токтотуп туруу жөнүндө” токтомдун долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Спикер Асылбек Жээнбеков президенттин жарлыгы менен түзүлгөн эксперттик топ тарабынан кылмыш жоопкерчилиги жаатындагы 4 кодекстин долбоору иштелип чыкканын, ал жакында парламенттин кароосуна сунуш кылына турганын билдирди. “Ошондон улам буга чейин Жогорку Кеңештин кароосуна келип түшкөн айрым мыйзам долбоорлорун кароону убактылуу токтото туруу демилгеси сунушталып жатат. Менимче, бекер эле убара, ашыкча чыгым болуунун кажети жок”,- деди ал.
Айрым депутаттар жаңыдан иштелип чыккан кодекстердин долбоорлору коомдук талкууга коюлуп, парламенттик угуулар өткөрүлө турганын айтышты.