Алмазбек Атамбаев "Түрксой" уюмунун башкы катчысын кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-октябрда "Түрксой" уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алып, Кыргызстан менен аталган уюмдун маданий кызматташтыгын талкуулады. Өлкө башчы анын колдоосу менен түрк дүйнөсүндө жарыяланган Токтогул Сатылгановдун жылынын алкагында залкар кыргыз акыны жараткан чыгармаларды жана маданий мурасты жайылтууга багытталып жүргүзүлгөн иш-чаралар үчүн аталган уюмга ыраазычылык билдирди. Жолугушууда Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу иш-чаралар түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосунда маданий диалогду өнүктүрүү ишине кошулган чоң салым болору айтылды. 
Президенттик аппараттан билдиришкендей, Касеинов өлкөгө Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган иш-чараларга катышууга келген.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан