Бүгүн, 15-октябрда парламент жыйынында депутат Дамира Ниязалиева депутаттарды мугалимдердин маселесинен саясий упай топтобоого чакырды. Ага чейин депутаттар 2010-жылы парламенттик шайлоого жакындаганда мугалимдердин айлыгын көтөрүп, бирок шайлоо өткөндөн кийин алардын айлыктары азайып кеткенин айтышкан эле. Ниязалиева кесиптештеринин пикирине жооп катары 2010-жылы мугалимдер айлык акысы президент Алмазбек Атамбаевдин аракети менен көтөрүлгөнүн айтты.
“Ош коогалаңынан кийин мугалимдердин айлыктары көтөрүлүш керек болчу. Президент ошол учурда мугалимдердин айлыгы үчүн 11 миллиард сом бөлүп берген. Бүгүн бул маселени көтөрүп чыгып, саясий упай топтогонго аракет кылбагыла”,- деди ал.