Кыргызстанда мугалимдердин айлыгын 100 пайыз көтөрүүгө 14 миллиард сом керек

Жогорку Кеңештин 15-октябрдагы жыйынында “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жөнүндө” маселе каралып жатат. Депутаттардын суроолоруна вице-премьер Эльвира Сариева, Билим берүү жана илим министри Канат Садыков жооп берүүдө. 

Жыйын жүрүшүндө каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев буга чейин бир катар мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысы аз-аздан көтөрүлүп турганын белгиледи. “Мугалимдердин маянасы аз, биз муну жакшы түшүнөбүз. Эгер аны 30 пайызга көбөйтсөк, 4,5 миллиард сом, 50 пайызга көтөрсөк, 7 миллиард сом, 100 пайызга жогорулатсак, 14 миллиард сом талап кылынат. Азырынча бюджетте мынчалык көлөмдөгү каражат жок”,- дейт ал.

Канат Садыков мугалимдердин маянасын көтөрүү демилгесин толугу менен колдой турганын билдирди. “Бул маселе көптөн бери көтөрүлүп келет. Каражаттын тартыштыгынан улам ушул кезге чейин чечилбей келди. 2015-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда камтылган жок. Каражат булактарын табыш керек. Ал эми түрткү берүүчү фонддун каражатын кандай пайдалануу жагын да ойлонуп көрөлү,- дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан