Кыргызстанды санариптик телеберүүгө өткөрүү долбоорун ишке ашырууга 100 миллион сом бөлүнөт. Тийиштүү буйрукка 13-октябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Буйрукта Маданият, маалымат жана туризм министрлиги санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашыруунун алкагында 100 миллион сомду төмөнкү иш-чараларга жумшасын деп айтылат:
- 80 миллион сомду – Кыргызстанда жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана (же) радиоканалдарынын социалдык пакетинде бир орунга 10 миллион сом эсебинде тиркемеге ылайык телекөрсөтүүчү уюмдарга;
- 11 миллион сомду – "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга ылайык улуттук аудиовизуалдык продукция өндүрүү үчүн тендер өткөрүү аркылуу мамлекеттик тапшырыкты жайгаштырууга;
- 9 миллион сомду – "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесине байланыш линияларын курууга жана мамлекеттик жана коомдук телекөрсөтүү уюмдардын, мамлекеттин катышуусу бар телекөрсөтүүчү уюмдардын телекөрсөтүү сигналдарын мультиплексациялоо борборлоруна чейин берүүнү уюштуруу үчүн коммутациялык жабдууларды сатып алууга.
"Каржы министрлиги республикалык бюджеттен каржы каражаттарын өз убагында бөлүп берсин жана белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун даярдасын" деп айтылат буйрукта.
Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө өкмөттүк аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнө жүктөлдү.