Бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча токтом кабыл алынды. Билим берүү кызматкерлеринин айлыгы канча пайызга жогорулай турганы азырынча белгисиз.
Эл өкүлдөрү билим берүү жаатындагы бир катар көйгөйлөр боюнча маселе көтөрүп, тиешелүү жоопторду алышты. Вице-премьер-министр Эльвира Сариева мектептерди каржылоо маселелерин республикалык бюджеттин корголуучу беренелерине киргизүүнү сунуштады.