Парламент: Коалициялык көпчүлүк Судьяларды тандоо кеңешине талапкерлерди кароону кийинкиге жылдырды

Бүгүн, 15-октябрда парламенттеги коалициялык көпчүлүк КРнын Судьяларды тандоо кеңешине талапкерлерди кароону кийинкиге жылдырды. Коалициялык көпчүлүктүн мындай чечим кабыл алышына эки-үч маселе чечилбей калганы себеп болгонун КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. “Айрым маселелер пайда болуп калды, анын үстүнө жыйында Өмүрбек Текебаев да жок болуп жатат. Ошон үчүн кийинкиге калтыралы”,- деди ал. 

Мыйзам боюнча Сотторду тандоо кеңешине мүчөлөрдүн үчтөн эки бөлүгү жарандык коомдон көрсөтүлөт. Он алты мүчө парламент тарабынан тандалып, калган сегизи Cоттор кеңешинен сунушталат. Жалпысынан Cотторду тандоо кеңешинин курамы 24 адамдан турат. Судьяларды тандоо кеңешине төмөнкү талапкерлер сунушталууда:

1. Панайдин Кадыров

2. Жээнбек Мукамбетов 

3. Асел Төлөмүшева 

4. Сарылбек Борбашев 

5. Урматбек Момбеков 

6. Таалайгүл Исакунова 

7. Шамарал Майчиев 

8. Жамыйла Нурумбетова

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан