Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ишин иликтөө үчүн комиссия түзүлдү

Бүгүн, 15-октябрда президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев кол койгон буйрукка ылайык, 2014-жылдын 14-октябрында президент Алмазбек Атамбаев тарабынан Тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушууда айтылган КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ишине тиешелүү маселелерди териштирүү үчүн комиссия түзүлдү.

Комиссиянын курамына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Билим берүү жана илим министрлигинин жана президенттик аппараттын өкүлдөрү кирди. Комиссияга иштин жыйынтыгы боюнча 2014-жылдын 18-октябрына чейин өлкө башчыга сунуш киргизүү милдети жүктөлдү.

Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев 14-октябрда КРнын Президентинин алдындагы Тарых илимин өнүктүрүү комиссиясынын мүчөлөрү менен жолугушууда академияда бир да сабактын кыргыз тилинде өтүлбөй жатканы тууралуу маалыматты текшерүү керектигин айткан эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан