“Министрликтер керексиз штаттарды ачып алышкан, аларды кыскартыш керек”,- деп билдирди вице-спикер Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 15-октябрда парламент жыйынында. Зулпукаров жыйында каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошевдин “мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө учурда акча жок” деп айтканын сынга алды. “2011-жылы Жогорку Кеңеш штаттык кыскартууга барып, 8 миллион сом үнөмдөөгө жетишкен. Бүгүнкү күндө министрликтерге кереги жок штаттар бар. Каражат жок дебей, керексиз штаттарды жоюп, каражатты тапса болот”,- деди депутат.