"Кыргызстанда мугалимдердин айлыктарын көтөрүү менен билимдин сапаты боюнча билим берүү кызматкерлерине катуу талаптар коюлат". Муну 15-октябрда депутат Каныбек Осмоналиев “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди. Депутат парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети билим берүүнүн сапатын кийинки аптада талкуулай турганын айтат. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча тармактык министрликтин отчёту угулат. Айлыкты көтөрүү боюнча чечим кабыл алынган соң, сапатка өтүү маселеси боюнча мугалимдин жоопкерчилиги биринчи орунда болот”,- дейт Осмоналиев.
Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча токтом кабыл алды.