Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулар тобу Башкы прокуратуранын иши менен таанышып чыгышты. Окуучулар Юстиция министрлигинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридика институтунун, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жана Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин иши менен да таанышып чыкмакчы. Идеянын автору башкы прокурор Аида Салянова экенин 15-октябрда Башкы пркуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Окуучуларды мамлекеттик органдардын иши менен тааныштыруунун максаты жаштарга кесип тандоодо көмөктөшүү, юрист болгусу келген жаштарды келечекте иштей турган жерлери менен тааныштыруу, юристтик кесиптин өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү экени айтылды.
Мындай иш-чараны башка аймактардын мектеп окуучуларын тартуу менен тынымсыз өткөрүп туруу пландалууда.
Айта кетсек, башкы прокурор Аида Салянова Нарын шаарындагы аталган мектепти аяктаган.