Кыргызстанга Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун келери күтүлүүдө

20-октябрда Кыргызстанга Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун иш сапары менен келери күтүлүүдө. Муну бүгүн, 15-октябрда Украинанын фашисттик баскынчылардан бошотулгандыгынын 70 жылдыгына арналган көргөзмөсүнүн ачылышында Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько билдирди.

Айтымында, Матвиенко иш сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушууларды өткөрөт. SUPER.KG порталынын суроосуна жооп берип жатып элчи: “Жолугушууларда кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын абалы жана анын келечеги талкууланат. Мындан тышкары Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси каралмакчы”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан