Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 15-октябрда Катар маалымат агенттигинин башкы директору Ахмад Саад Аль-бу Айнейн баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Зулпукаров Кыргызстандагы инвестициялык абалды жакшыртуу багытында кабыл алынган мыйзамдык актыларга токтолду. Кыргыз тарап Катар менен болгон мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Кыргызстан Катар мамлекети менен визасыз режимди орнотконун эске салып, өлкөлөр ортосундагы туристтик агымдын өсөрүнө ишеним арта турганын билдирди.
Ахмад Саад Аль-бу Айнейн туризм эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мамилелердин келечектүү тармактардын бири болуп саналарын айтты. Катардын Кыргызстандагы элчиси Мохамед бин Арар Аль-Наими эки өлкөнүн ортосунда түзүлүп жаткан келишим кезектегиси гана экенин, Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды бекемдөөгө багытталган дагы бир катар келишимдер кол коюуга даярдалып жатканын билдирди.