Алмазбек Атамбаев: "Токтогул Сатылганов өмүр бою кыргыз элинин эркин турмушун көксөгөн"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-октябрда "Токтогул Сатылгановдун мурасы жана азыркы рух маданияты" аттуу Эл аралык конференциянын катышуучулары менен меймандарын куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат: 

“Урматтуу салтанаттын катышуучулары!

Ардактуу меймандар!

Үстүбүздөгү жыл түрк дүйнөсүндө Токтогул жылы деп жарыяланышы кыргыздын залкар акынынын талантына боордош түрк элдеринин көрсөткөн терең таазими, зор урматы. Бир тууган элдердин маданий байланыштарды бекемдөөгө жасаган колдоого аларлык аракети. Токтогул жылынын шарапаты менен атактуу акын, чоң комузчунун 150 жылдык мааракеси быйыл Кыргызстанда гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүндө кеңири белгиленди. Эми мааракенин кезеги акындын киндик каны тамган жерге келип жетти.

Кыргыздын далай өнөрлүү адамдарын тарбиялаган Кетмен-Төбө өрөөнүнүн татыктуу кулуну - Токтогулдун ташкындаган таланты аны кыргыз кыйырынан ашырып, жалпы боордош түрк элинин орток акынына айландырды. Токтогулдун акындык, комузчулук өнөрү кыргыз элинин гана эмес, жалпы адамзаттын көөнөрбөс руханий байлыгына айланышы кокусунан эмес. Анткени демократ-акын өз чыгармаларында байыркы кыргыз элинин кылымдар бою көксөгөн азаттык тууралуу үмүтүн жана тилегин таасын чагылдырган. Адилетсиздикке, калыссыздыкка каршы туруп, жалпы кыргыз элинин мүдөөсүн ачык туюндурган.

Токтогул атабыздын өнөрү, адамдык кайраты турмуштун катаал сыноосунан өткөн. Акындын эркин ызгаарлуу Сибирдин сүргүнү дагы майтара алган эмес. Тескерисинче, 1917-жылдагы Cоциалисттик революцияны маңдай жарган кубаныч менен тосуп алып, элибиздин турмушундагы тарыхый бурулушту дүйнөгө жар салды. "Жаңы замандын жарчысы" деген атка конду.

Токтогул Сатылганов - көп кырдуу таланттын ээси. Акындык өнөрү менен бирге элдик оозеки чыгармаларды дагы мыкты аткаргандыгы белгилүү. Комуздун чебери катары ондогон ырчылар менен комузчуларды тарбиялады. Жүздөгөн күүлөрдү, обондуу ырларды жаратып, кыргыз музыкасынын алтын казынасын татыктуу чыгармалар менен байытты.

Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси Кыргызстанда Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына туш келгени жакшы жышаан. Анткени Токтогул өмүр бою кыргыз элинин эркин турмушун, өлкөбүздүн жаркын келечегин көксөгөн. Бүт өмүрүн, чыгармачылыгын ушул бийик максатка арнаган. Кетмен-Төбөдөн чыккан тоо булбулунун чыгармачылыгы азыр дагы жалпы түрк дүйнөсүндө данакерлик милдет өтөп, боордош элдер менен маданий байланыштарды чыңдап, кылымдарды карыткан достук мамилелерибизди тереңдетүүгө, бекемдөөгө өбөлгө түзүп жатат".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан