Парламенттеги КСДП фракциясы саламаттыкты сактоо министри кызматына Талантбек Батыралиевдин (сүрөттө) талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталына вице-спикер, аталган фракциянын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров билдирди. Анын айтымында, фракция мүчөлөрүнө 6 талапкердин ичинен Батыралиевдин программасы жакты. “Фракциянын чечими өкмөткө жиберилди. Эми премьер-министр макулдугун берсе, анын талапкерлигин дүйшөмбү, шейшемби күндөрү тармактык комитеттер карап чыгат, андан кийин палатада каралат”,- деди ал.
Айта кетсек, кардиолог Талантбек Батыралиев буга чейин Түркияда иштеп келген.