Бүгүн, 17-октябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгынын астында Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин жыйынтыктоочу отуруму башталды.
Жыйналышта соттук реформанын жүрүшүндө иштелип чыккан кодекстердин жана мыйзамдардын акыркы редакциясы сунушталат. Мындан тышкары жаңы ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорунун презентациясы өткөрүлөт, алар:
Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясы;
Жазык-процесстик кодекстин жаңы редакциясы;
Жаза-аткаруу кодексинин жаңы редакциясы;
Жарандык процесстик кодекстин жаңы редакциясы;
Жоруктар (майда кылмыштар) жөнүндө кодекс;
“Аткаруу өндүрүшү жана сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы;
“Мамлекеттик кепилдик берген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамынын жаңы редакциясы.
Айта кетсек, быйыл 30-сентябрда, 7-октябрда жана 10-октябрда Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин жаңы ченемдик-укуктук актылары боюнча үч жыйналышы өткөн.