15-16-октябрда Минск шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын туруктуу комиссиясынын коргоо жана коопсуздук маселелерине арналган жыйыны өттү. Иш-чарада комиссия мүчөлөрү жамааттык коопсуздуктун Чыгыш Европа аймагындагы аскерий-саясий кырдаал менен таанышышты. Жыйында парламентчилер ЖККУга мүчө мамлекеттердин маалыматтык-коммуникациялык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарын жакындаштыруу жана шайкеш келтирүү боюнча бир катар сунуштамаларды талкууга алышты. Жыйынга Жогорку Кеңештен депутат Ирина Карамушкина катышканын парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Катышуучулар неофашисттик идеялардын таркалышына жол бербөө жана “ТехКемп” сындуу жаштар үчүн арналган ар кандай эл аралык долбоорлорго аяр мамиле жасоо максатында аскерий жана саясий күчтөрдү бир багытта топтоо пикирине келишти.