Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстандын Жогорку Сотунун имараты өнүккөн өлкөлөрдүкүндөй кооз болушу керек”

Бүгүн, 17-октябрда Бишкекте Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин жыйынтыктоочу отуруму өтүп жатат.

Анын жүрүшүндө өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Жогорку Сотунун имараты тууралуу өз пикирин билдирди. “Голливуд кинолорунан көргөндө башка мамлекеттерде соттордун имараттары кооз болот эмеспи. Биздики да ушундай болушу керек. Учурда Борбор Азиядагы Америка университетинин жетекчилиги жазында башка жерде курулуп жаткан имаратка көчөрү боюнча убада берген. Ошондо Жогорку Сот Жогорку Кеңеш, өкмөт жана президенттик аппараттын имараттарынын жанында жайгашат”,- деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан