Бүгүн, 17-октябрда Бишкекте Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин жыйынтыктоочу отуруму өтүп жатат.
Анда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары мамлекеттик бийликтин дарегине соттук реформанын жүрүшү тууралуу бир топ сын-пикирлер айтылып келгенин билдирди. “Коомдун нааразычылыгынын басымдуу бөлүгү процессуалдык нормалар боюнча багытталган. Ушул нормалардын толук эместиги жана коррупцияланышы абийирсиз судьяларга чексиз ыйгарым укук берип, өзү каалаган чечимдерди чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүп берген. Бүгүнкү күнү талкууланып жаткан мыйзам долбоорлору ушуга бөгөт коюу, судьяларга чек коюу катары демилгеленүүдө. Кыргызстан абийирсиз судьялардан тазаланышы керек”,- деди Атамбаев.
Мындан тышкары президент соттук чечимдер кыргыз же орус тилинде жазылып, кайра которулуп жатканда каталар орун аларын белгиледи. “Ушул маселеге да көңүл буруу керек. Соттук реформа боюнча кеңеш иштеп чыккан мыйзам долбоорлору кыргыз жана орус тилинде туура жана түшүнүктүү болушу зарыл, анткени каталар кетсе, коом тарабынан нааразычылык өсүп кетиши мүмкүн”,- деп толуктады өлкө башчы.