Быйылкы жылдын 9 айында Бишкек-Ош жолунун 51 чакырымында жол чуңкурлары жамалды. Муну 17-октябрда Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Трассанын чөгүп (унаалар бир из менен гана жүрүп калган жол), жүргүнчүлөр үчүн коопсуздук жаратып жаткан бөлүктөрү айтылды, алар: Көк-Бел ашуусу жана Кара-Көл шаарынын түштүк тарабы. Учурда аталган аймактардагы жолду тегиздөө иштери жүрүүдө.
"Биринчи пайдаланууга берилген Бишкек-Ош жолунун айрым тилкелерине азыр 14 жылдан ашып калды, бирок жол кыймылынын өсүшүнөн, оор жүк ташуучу унаалардын ашыкча жүк тартуусунан, климаттын татаалдыгына байланыштуу кээ бир жол тилкелерин тегиздөө жана асфальт төшөө зарылдыгы келип чыгууда",- деп билдирет министрлик.