Бүгүн, 17-октябрда Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин жыйынтыктоочу отурумунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Курмантай Абдиев: “Сунушталып жаткан “Жоруктар жөнүндө” кодексти иштетүүгө зарылчылык жок”,- деп билдирди. Анын айтымында, бул кодекс кабыл алынса, тергөөчүлөрдүн санын көбөйтүү керек болот. “Кылмыш-жаза жана Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекстердин ортосунан чыгарылган кодекс катары сезилүүдө. Жоруктар жөнүндө кодекс тармакты тартипке алып келбейт”,- деди депутат.