Тышкы иштер министрлиги: Эл аралык уюмдарда иштеген Кыргызстандын жарандары салык төлөөгө жана аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясында “1947-жылдын 21-ноябрындагы Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары менен иммунитеттери жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, бул конвенцияда дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, БУУ өкүлчүлүктөрүнө жана анын кызматкерлерине карата бир катар артыкчылыктар менен жеңилдиктер каралган. Талкууда эки маселе боюнча атайын эскертүү жасалып жатканы белгилүү болду. Мисалы, өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин салыктан жана аскердик милдетин өтөөдөн бошотуу жоболору КРнын Конституциясынын талаптарына каршы келет. Баш мыйзамга ылайык, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүндө иштеген Кыргызстандын жарандары салык төлөөгө жана аскердик милдеттерин өтөөгө милдеттүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан