“Ата Журт” фракциясы Судьяларды тандоо кеңешине талапкер кароону кийинки аптага калтырды

Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясы Судьяларды тандоо кеңешине талапкер кароону кийинки аптага калтырды. Мындай чечим фракциянын 17-октябрдагы жыйынында кабыл алынып, муну менен кошо “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун кароону да кийинки жыйынга калтырды. Буга тийиштүү министрлердин отурумга келбегени себеп болду. Депутаттар материалдык жардам көрсөтүү өтүнүчү боюнча Сокулук районундагы Чат-Көл айылынын тургуну С.Файзидиновдун, Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургуну К.Абдраимованын кайрылууларын карашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан