Бүгүн, 17-октябрда Соттук реформа боюнча жумушчу кеңештин жыйынтыктоочу отурумунда башкы прокурор Аида Салянова: “Учурда бизге түшүп жаткан арыздардын төрттөн бири боюнча гана кылмыш иши козголот. Калганынан баш тартылып, кароосуз калууда”,- деп билдирди. Анын айтымында, арыздарды каттоодо адамдык факторду азайтуу үчүн электрондук каттоо киргизүү туура. “Ал эми бүгүнкү күндө арыздарды кабыл алууда коррупциялык көрүнүштөр бар. Кылмыш ишин козгоо институтун жоюуга биздин коомчулук даяр эмес. Батыш стандарттары батыштагыдай чыгашаларды талап кылат”,- деди башкы прокурор.