"Республика" фракциясы өкмөттүн кышка даярдыгын "канааттандырарлык эмес" деп тапты

Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясы өкмөттүн кышка даярдык көрүү иштерин "канааттандырарлык эмес" деп тапты. Мындай чечим фракциянын 17-октябрдагы жыйынында кабыл алынды. Муну менен бирге өкмөткө кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча шашылыш чараларды көрүү, Казакстан жана Тажикстан менен электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүнү улантуу, абоненттердин үч фазасын өчүрүүнү токтотуу, электр энергиясындагы жоготуунун көлөмүн кыскартуу сыяктуу тапшырмалар берилди. Энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев кышында светтин канча убакыттан өчүрүлөрү электр энергиясын импортоо ишинин жыйынтыгына жараша болорун белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан