Бүгүн, 17-октябрда Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынтыктоочу жыйынында президент Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстанга батыштын бардык мыйзамдары туура келе бербейт”,- деп билдирди.
“Бир нече жыл мурун Норвегияда бир адам 70 кишини кырып өлтүрүп, 20 жылга камакка алынган. Ал эркиндикке чыкканда 50 жашка толуп, билим алууга мүмкүнчүлүгү болот. Керек болсо ал киши судья да боло алат. Мындан тышкары чет мамлекеттердин биринде ондогон жаш балдарды зордуктаган адам да 20 жылдан кийин эркиндикке чыга алат. Биздин эл мындайга жол бербейт, анткени адилетсиздикке чыдабайт”,- деди президент.
Европа менен Кыргызстандагы менталитет айырмаланарын, соттук реформанын алкагында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунда мунун баары эске алынышы керектигин кошумчалады өлкө башчы.