Парламентте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын абалы талкууланууда

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеште ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын абалы тууралуу тегерек стол өтүп жатат. Жыйында акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин баяндамасы угулду. Акыйкатчы Кыргызстанда 156 миң мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар экенин айтты. “Анын 27 миңи 18 жашка чейинки өспүрүмдөр болсо, 7 миңден ашууну мектепке бара алышат. Ал эми бул топтогу 105 миң адам пенсия алса, пенсиясынын орточо эсеби 3515 сом”,- деди Аманбаев. Жыйынга парламент депутаттарынан сырткары Социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Азиздер жана дүлөйлөр коомунун жана “Жаш майыптар” кыймылынын өкүлдөрү катышууда. Алгач мүмкүнчүлүгү чектелгендердин абалы тууралуу 10 мүнөттүк атайын тасма көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан