Алмазбек Атамбаев социалдык коргоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-октябрда социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй:

“Урматтуу социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Социалдык коргоо кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын, кароосуз калгандардын ар бирине камкордук көрсө, профсоюздук уюмдар элибиздин турмушун жакшыртуу, эс алуусуна шарт түзүү иштерин жүргүзүп келишүүдө. Ардактуу эс алууга чыккан атуулдарыбызды пенсиялык төлөмдөр менен камсыз кылууда Социалдык фонд тарабынан алгылыктуу иштер аткарылууда.

Сиздер тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктар мамлекеттик жардамга муктаж болгон адамдардын жан дүйнөсүнө жакшылык тартуулайт. Себеби сиздер карапайым адамдардын турмушундагы кыйынчылыктарды жүрөгүңүздөр менен кабыл алып, ар тараптан колдоо көрсөтүп, эң урунттуу учурларда алардын жанында болуу менен милдеттериңиздерди аткарып келе жатасыздар.

Ардагерлерибиздин татыктуу жашоосун камсыз кылуу үчүн пенсиялык саясатты, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленгендей, өсүү динамикасына ылайыктоого тийишпиз.

Социалдык коргоонун натыйжалуу жана адилеттүү системин түзүү үчүн бардык таламдаш тараптардын 2015-2017-жылдарга Кыргызстандын Социалдык өнүгүү программасынын долбоорун иштеп чыгуусун жана профсоюздук уюмдар жарандарыбыздын таламдарын коргоого жамааттык сүйлөшүүлөрдү мындан да натыйжалуу пайдалануусун максатка ылайыктуу деп эсептейм.

Ушул майрам күнү баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана жакшылыктарды каалайм".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан