Асылбек Жээнбеков кыргыз-түрк парламенттери ортосунда тажрыйба алмашуу зарыл экенин айтты

Парламент жетекчиси Асылбек Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылычты кабыл алды. Төрага эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлде экенин белгилеп: "Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган. Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери биз ар дайым сиздердин колдооңуздарды сезип келебиз",- деп билдирди. Парламенттик демократияны өнүктүрүүдө Түркия чоң тажрыйбага ээ экенин, эки өлкө парламенттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу зарылдыгын кошумчалады Жээнбеков. 

Элчи парламенттер аралык кызматташтыкты гана эмес, Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик органдарынын мамилесин да жандандырууга киришип жатканын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан