Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев быйыл интернет колдонуучуларынын арасында (Facebook жана Twitter) Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сурамжылоо жарыялаган. Сурамжылоонун жыйынтыгы чыкканын депутат бүгүн, 17-октябрда өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жарыялады. "Сиз Кыргызстандын Бажы союзуна киришине макулсузбу же каршысызбы?" деген суроого 435 адам жооп берген. Жыйынтык төмөнкүдөй:
"Таптакыр каршымын" деп 209 жаран (48,05 пайыз) жооп берген.
"Союзга кирүүнү колдобойм го" (ишенимсиз түрдө) деп 82 жаран (18,85 пайыз) жооп берген.
"Мага баары бир" дегендер 11 жаран (2,53 пайыз).
"Союзга кирүүнү колдойм го" дегендер 49 жаран (11,26 пайыз).
"Бажы союзуна кирүүнү толук колдойм" дегендер 84 жаран (19,31 пайыз).